ЖМК Байден кайсы учурда президенттик шайлоого катышуудан баш тартарын жазды

New York Times гезитинин редакциясы америкалык лидерди шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды. Ал эми Washington Post гезити Байдендин ордуна 10 демократтын тизмесин сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден анын жакын чөйрөсүнүн чечимисиз кызмат үчүн ат салышуудан баш тартпайт. Бул тууралуу РИА Новости Axios порталына шилтеме берип жазды.

"Байдендин президенттик шайлоого катышуудан баш тартышына бир гана нерсе түрткү боло алат. Чечимди анын чакан топтогу колдоочулары чыгарат", — деп жазды портал.

АКШ президентинин жакын чөйрөсүнө жубайы Жилл, эжеси Валери, кеңешчиси Тед Кауфман жана Ак үйдөгү жардамчылардын чакан тобу кирери айтылат.
Бир күн мурун азыркы америкалык лидердин шайлоо кампаниясынын коммуникациялар боюнча директору Майкл Тайлер штабда Байдендин шайлоо өнөктүгүнөн чыгышы талкууланбаганын айткан. New York Times гезитинин редакциясы америкалык лидерди шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды. Ал эми Washington Post гезити Байдендин ордуна 10 демократтын тизмесин сунуштады.
Америкалык маалымат каражаттары Байденди мурунку президент Дональд Трамп менен жумага караган түнү Атлантада өткөн дебатта жеңилди деп эсептейт. Байден кекечтенип, тыным алып, өз оюн так айта албай койгон. Иш-чаранын соңунда аялы Жилл Жо Байденге тепкичтен түшүүгө жардам берип жатканы телекамерага тартылып калган.
Эми саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденден баш тартып, анын ордуна башка талапкерди коюшу мүмкүн деп жатышат. Теориялык жактан алганда, август айында өтө турган курултайда партия мындай мүмкүнчүлүккө ээ болот. Бирок праймериз шайлоодо жеңишке жеткен Байден өзү баш тартмайынча аны жарыштан четтетүү иш жүзүндө кыйын.
Ошол эле маалда азыркы президенттин штабы анын жарыштан четтебей турганын айтууда.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
Америкалыктардын теңинен көбү Байдендин шайлоого катышуусуна каршы. Сурамжылоо