Ысык-Көл округунан Жогорку Кеңешке 38 жаштагы Айжигит Тыналиев баратат

Аталган округда шайлоочулар активдүү катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көл округу боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп алдын ала эсептөө боюнча 38 жаштагы Айжигит Тыналиев баратат.
Автоматтык түрдө санаган урна бюллетендерди 100 пайызга эсептеп бүткөн. Анда ал шайлоочулардын 16,04 пайыз добушун алууда.
Шайлоо учурунда Тыналиев "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл кемечилиги" филиалынын эксплуатация кызматынын башчысы, Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болгон.
Бүгүн Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өтүп, алдын ала жыйынтыктары чыгууда.
ЖК шайлоо: Ноокат округунан Бакытбек Марипов жеңишти камсыздоодо