БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин Свердлов округу боюнча парламенттик шайлоодо жеңишти Жумабек Салымбеков камсыздоодо.
Бул — добуштарды автоматтык түрдө санаган урнанын алдын ала жыйынтыгы (68%).
БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, добуштардын 68 пайызын Салымбеков алган.
47 жаштагы Салымбеков Бишкек шаардык кеңешинде мурун депутат болгон, “Дордой” базарынын башкы директору жана коммерциялык банктардын биринин директорлор кеңешинин төрагасы.
Бүгүн Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өттү.