Радио

Кыргыздын ордосу Олимпиаданын программасына кире турчу оюн

КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, эл аралык класстагы спорт чебери, эл аралык категориядагы калыс Камчыбек Касымов улуттук спортту жайылтууда, таанытууда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындай ири иш-чаралар болушу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргыздын ордосу — Олимпиада оюндарынын программасына кире турчу оюн. Бул маселени мамлекеттик, өлкө башчынын деңгээлинде көтөрүүгө болот. Бул тууралуу Камчыбек Касымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Кыргыздын ордосу — Олимпиада оюндарынын программасына кире турчу оюн. Бул маселени мамлекеттик, өлкө башчынын деңгээлинде көтөрүп чыксак көп спорттун түрүнөн жогору турмак. Мисалы, кышкы кёрлинг оюнуна караганда алда канча кызыктуу болмок. Анткени бул оюндун философиясы абдан күчтүү. Ошол эле учурда ордо оюнуна таянып стратегияны түзсөк көп жетишкендиктер болот. Албетте, спортту дүйнөгө жайылтуу үчүн бир топ каражат керектелет. Ал үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындай ири иш-чаралар болушу керек. Мындай аянтча улуттук спортту гана таанытпастан, маданиятыбызды дүйнөгө даңазалоого мүмкүнчүлүк берет", — деди Касымов.

Ошондой эле ал спортту мектептерге жайылтып, балдардын дени сак, интеллекти жогору болушу үчүн үзгүлтүксүз иш алып баруу керектигин кошумчалады.