ӨКМ Ноокаттагы Абшыр-Атада болгон селдин себептерин аныктады

Министрлик жаратылыш кырсыгы болгон аймакты изилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда ӨКМ кызматкерлери изилдөө жүргүздү.
Анда сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталган:
жаан чачындын жаашы;
узак жылдардан бери чоң сел катталбагандыктан Апшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак-дарактардын өсүүсү, ошондой эле дарыянын жээктеринде эс алуу үчүн тапчандардын башаламан курулуусу;
көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн сел суусун өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу.
Изилдөөнүн жыйынтыгында ички жолдорду калыбына келтирүү, 2018-жылы салынган көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү, толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнү кайра куруу тапшырмасы берилди.
Ноокаттагы селден 8 адам каза болду. Анын экөө аял болсо, алтоо жаш балдар. Тиешелүү кызматкерлер жеринде иш жүргүзүүдө.
Садыр Жапаров Ноокатта селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты