Ноокатта казакстандык дагы эки баланын сөөгү табылганы кабарланды

Казакстандын ӨКМи буга чейин эки жараны өлкөдөгү табигый кырсыкта көз жумганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ноокатта селден көз жумган казакстандык дагы эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги КР ӨКМинин ыкчам штабына шилтеме берип жазды.
Буга чейин казакстандык эки өспүрүмдүн көз жумганы айтылган. Жакынкы убакытта Казакстандын ӨКМинин борту менен төрт кишинин сөөгү мекенине жеткирилет.
Ал арада КР ӨКМи Ноокатта селден көз жумгандардын саны 9га жеткенин билдирди. Мекеменин маалыматында, Абшыр-Ата айылында жаш баланын сөөгү табылган. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.
Бүгүн аталган жерде ӨКМден 53 куткаруучу, ИИМден 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 аскер, жергиликтүү тургундардан 150 адам иштөөдө. Жалпы 373 киши тартылган.
ӨКМ Ноокаттагы Абшыр-Атада болгон селдин себептерин аныктады