БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ноокаттагы Абшыр-Ата айылында селдин кесепетинен каза тапкандардын саны сегиз адамга жеткенин ӨКМ кабарлады.
Кечээ кечинде Ноокаттагы Абшыр-Ата айылында дагы бир аялдын сөөгү табылган. Андан мурун дагы бир аялды таап чыгышкан.
Жалпы көз жумгандардын экөө аял, алтоо балдар болуп чыкты. Балдардын экөө 11 жаштагы, бирөө 8, бирөө 12 жаштагы балдар болсо, бирөө 16дагы өспүрүм, дагы бири 19 жашта экени айтылды.
Ноокатта ӨКМ кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюуда.