Өлкөдө баңгизатка берилгендер көбөйүп жатат. Наркологдор коңгуроо кагууда

Адис расмий статистика боюнча баңгизаттан көз каранды кыргызстандыктардын саны 6768ге жетерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Наркомания менен күрөшүүдө аны алдын алуу жолдоруна өзгөчө басым жасоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун психиатрия, психотерапия жана наркология бөлүмүнүн башчысы Сүйүтбек Назаркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Баңгизаттан көз каранды болгондордун саны күн санап өсүүдө. Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнуна карата каттоодо тургандардын саны 6768ге чыккан. Бул расмий статистика экенин белгилеп кетким келет, себеби каттоого алынбагандар да бар. Мындан тышкары, баңгизат колдонгон өспүрүмдөр көбөйүүдө. Бул түз эле өлкөнүн келечегине кедергисин тийгизет. Ошондуктан наркоманияны алдын алып, коомго алкоголдук ичимдиктер менен баңгиге берилүү жакшылыкка алып келбей тургандыгы боюнча маалыматты болушунча көбүрөөк жайылтуу керек", — деди адис.
Дарыгер Республикалык психиатрия жана наркология борборунда "Биз дени сак келечекти тандайбыз" деген аталышта маалыматтык кампания өтүп жатканын кабарлады.
"Борбордо ачык эшик күндөрү болот, ага каалоочулар келип дарыгерлерден керектүү маалымат ала алат. Ошондой эле 10-июлда Түштүк дарбаза паркында баңгизат менен күрөшүүгө жана дени сак жашоого үндөгөн спорттук жарыш өтөт", — деди Назаркулов.
Радио
Кадыров: оңой акча азгырыгы мигранттарды кылмышка түртүүдө