Радио

Назаркулов: өлкөдө баңгизатка көз каранды болгондор көбөйүүдө

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун психиатрия, психотерапия жана наркология боюнча кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Назаркулов баңгиликке каршы күрөштө профилактикалык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Баңгилик мээге, ички организмге эле эмес, коомго да зыян. Аны менен күрөшүүгө жалпы коомчулук аракет кылса гана жыйынтыгын берет. Мындай пикирин Сүйүтбек Назаркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аялдар менен өспүрүмдөр баңгиликке тез көнүп кетет.

"Баңгиликке эркектер көбүрөөк чалдыгат. Буга адам кайгырганда, жашоосунда кыйынчылык болгондо жеңилдейин деп берилип кетиши мүмкүн. Себептери көп. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда баңгилик менен ооруган 6 768 адам каттоодо турат. Бул катталгандары гана. Чындыгында алардын саны алда канча жогору. Баңгизат колдонгон адамдардын саны өсүүдө. Алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр. Аны колдонгондордун жүрүм-туруму, көз карашы өзгөрүп, үйдөн кача баштайт. Азыркы жаштар баңгиликтин башка түрлөрүн дагы көрүшүүдө. Ошентип бара-бара ийне сайынууга өтөт. 16-17 жашында ийне сайынгандарды дарылоо, коомго аралаштыруу өтө кыйын болуп калат. Бул нерсени алдын алуу үчүн жалпы коомчулук күрөшүшү керек. Антпесе дүйнө боюнча аларды толук айыктыруу мүмкүн эмес", — деди Назаркулов.