Кыргызстандын үч округунда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды

Кечээ аталган округдарда сырттан добуш берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандын №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо башталды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарыбагышев жана Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болгон.
Кечээ аталган округдарда сырттан добуш берилди. Мындай өтүнүч менен жалпы жонунан 993 адамдан арыз түшкөн.
Шайлоо мектеби: БШК төрайымы шайлоодогу жаңы технологиялар тууралуу айтты