Өлкөнүн үч жеринде шайлоо бүтүп, участоктор жабылды

Жыйынтыгы саат 20:00дөн кийин белгилүү болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бүтүп, участоктор жабылды.
Бүгүн Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл райондорунда шайлоо болуп өттү.
18:00гө карата Свердлов районунда 122 975, Ысык-Көл районунда 97 331, ал эми Ноокат районунда 91 057 адам добуш берди.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарыбагышев жана Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болгон.
Ысык-Көлдө өтүп жаткан иш-чарада жаштардын шайлоодогу ролу талкууланды