Кыргызстандыктар Россияда пара сууда сүзүү боюнча турнирде 16 медаль алды

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россияда Даун синдрому барлар арасында өткөн ири спорттук мелдеште 16 медалга ээ болду. Бул тууралуу курама команданын машыктыруучусу Ислам Турдыев билдирди.
Мелдеш Казань шаарында өткөн. Ага Россиянын 39 регионунан 200дөй киши, Кыргызстандын, Казакстандын, Италиянын жана Беларустун спортчулары катышкан.
Кыргызстандык спортчулар 10 алтын, эки күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту. Мындан сырткары, Акназар Нурак уулу 50 метрлик дистанцияга эркин сүзүү боюнча абсолюттук чемпион болгон.
Айсулуу Тыныбекова менен Калмира Билимбек кызынын Польшадагы ийгилиги