Казакстандык эки өспүрүм Ноокаттагы селде каза тапканы айтылды

Абшыр-Атадагы селден жалпы сегиз адам набыт болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Казакстандык эки өспүрүм Ноокаттагы селде көз жумган. Бул тууралуу Казакстандын ӨКМи кыргызстандык кесиптештерине шилтеме берип билдирди.
Дагы эки казакстандык дайынсыз болуп изделип жатканы айтылат. Эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түз байланышта болууда.
Казакстандын министрлиги каза тапкандардын сөөгүн алдыртуу үчүн Ошко аба транспортун жөнөтүү маселесин кароодо.
28-июнда Ноокатта сел жүрүп, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Абшыр-Ата капчыгайында сел суулары жолдор менен көпүрөлөрдү жууп кетип, ал жакта 1 300 адам калып кеткен. Натыйжада сегиз киши көз жумган.
ӨКМ Ноокаттагы Абшыр-Атада болгон селдин себептерин аныктады