Дельфи оюндары: КМШнын таланттуу балдары Бишкекте чогулат

Сынактын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюндарга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышат.

"Сынактын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирет. Фестивалдын программасы элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилиндеги ырлар номинацияларын камтыйт. Катышуучулар эки тур менен таймашат, ал эми маданият, билим берүү жана илимдин көрүнүктүү ишмерлеринен турган калыстар тобу алардын аткаруусуна баа беришет", — деп жазылат маалыматта.

Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" форуму өтүп жатат. Сүрөттөр