Якутскидеги "Азия балдары" оюндарында кыргызстандыктар 20 медаль алды

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Якутск шаарында өткөн "Азия балдары" VIII эл аралык оюндарында кыргызстандык жаш спортчулар 20 медаль алышты. Бул тууралуу мелдештин сайтына жарыяланды.
Эскерте кетсек, оюндар 7-июлда аяктайт. Кыргызстандыктар үч алтын, тогуз күмүш жана сегиз коло медаль тагынды. Жалпы командалык эсепте биздин команда 11-орунда.
Эске салсак, биринчи медалды самбочу Шахнази Айбекова алып келген. Ал күмүш медалдын ээси болгон. Алтын медалдарды Эрмек Жаныбеков (таяк тартыш), Арууке Нурбекова жана Адинай Байскулова (экөө тең кыз-келиндер күрөшүндө) жеңип алышты.
Мелдеш 26-июнда башталып, 7-июлда жыйынтыкталат. Аларга 26 өлкөдөн үч миң бала катышууда. Кыргызстандын атынан спорттун 22 түрү боюнча 187 спортчу ат салышууда.
23 жашка чейинки КР балбандары Иорданияда медалдын баарын алууда