Акылбек Жапаров Ноокаттагы селдин кесепетинин масштабын көрдү. Сүрөт

Жапаров кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн мамлекет зарыл болгон бардык ресурстарды берерин убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 7

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты

2 / 7

Министрлер кабинетинин башчысы табигый кырсыктан келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, селден жабыркаган үйлөрдүн үстүнөн учуп өттү

3 / 7

Министрлер кабинетинин башчысы табигый кырсыктан келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, селден жабыркаган үйлөрдүн үстүнөн учуп өттү

4 / 7

Министрлер кабинетинин башчысы табигый кырсыктан келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, селден жабыркаган үйлөрдүн үстүнөн учуп өттү

5 / 7

Жапаров ошондой эле каза болгондордун жакындарына президенттин жана министрлер кабинетинин атынан көңүл айтты

6 / 7

Жапаров ошондой эле каза болгондордун жакындарына президенттин жана министрлер кабинетинин атынан көңүл айтты.

7 / 7

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү ведомстволорго өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл болгон шарттарды камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди

"Министрлер кабинетинин башчысы табигый кырсыктан келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, селден жабыркаган үйлөрдүн үстүнөн учуп өттү", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров ошондой эле каза болгондордун жакындарына президенттин жана министрлер кабинетинин атынан көңүл айтты.
Андан ары министрлер кабинетинин башчысы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү ведомстволорго өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана зарыл болгон шарттарды камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.
"Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык зарыл ресурстарды берет, биз жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз жана бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз", - деди Жапаров.
28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1300 адам эс алуу жайында калган. Алардын бардыгы эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 9 адам каза болду.
Ноокатта казакстандык дагы эки баланын сөөгү табылганы кабарланды