23 жашка чейинки КР балбандары Иорданияда медалдын баарын алууда

Грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча спортчулар жалпы 14 медаль алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы (U23) Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Ата мекендик үч балбан: Аманат Самат уулу (67 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын медалга татыды. Биздин команданын эсебинде дагы бир күмүш жана беш коло медаль бар.
Кыздар арасы Кыргызстандын курама командасы (U23)
Аялдар командасы эки алтын, эки күмүш жана бир коло медаль менен жалпы командалык үчүнчү орунду ээледи.
Эркин күрөш боюнча мелдеш аяктай элек.
Кыргызстандыктар Россияда пара сууда сүзүү боюнча турнирде 16 медаль алды