Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кочкордо ипотекага 5 кабаттуу турак жай курулат. Капсуласы салынды КМШнын таланттуу балдары Дельфи оюндарынын алкагында Бишкекте чогулатӨКМ Ноокаттагы Абшыр-Атада болгон селдин себептерин аныктады алдыда кененирээкОш облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда ӨКМ кызматкерлери изилдөө жүргүздү. Анда сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталган: жаан чачындын жаашы; Узак жылдардан бери чоң сел катталбагандыктан Апшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак-дарактардын өсүүсү, ошондой эле дарыянын жээктеринде эс алуу үчүн тапчандардын баш аламан курулуусу; Көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу. Изилдөөнүн жыйынтыгында ички жолдорду калыбына келтирүү, 2018-жылы салынган көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү, толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнү кайра куруу тапшырмасы берилди. Ноокаттагы селден 8 адам каза болду. Анын экөө аял болсо, алтоо жаш балдар. Тиешелүү кызматкерлер жеринде иш жүргүзүүдө.
Аталган селден көз жумгандардын саны 8 кишиге жетти. Анын экөө Казакстандык өспүрүмдөр болуп чыкты. Бул тууралуу Казакстандын ӨКМи кыргызстандык кесиптештерине шилтеме берип билдирди. Дагы эки казакстандык дайынсыз болуп изделип жатканы айтылат. Эки өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түз байланышта болууда. Казакстандын министрлиги каза тапкандардын сөөгүн алдыртуу үчүн Ошко аба транспортун жөнөтүү маселесин кароодо. 28-июнда Ноокатта сел жүрүп, аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Абшыр-Ата капчыгайында сел суулары жолдор менен көпүрөлөрдү жууп кетип, ал жакта 1 300 адам калып кеткен. Натыйжада сегиз киши көз жумган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кочкор районунда 5 кабаттуу турак жайдын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.Жапаров МИК программасынын негизинде республика боюнча көп кабаттуу турак жайлардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи. "Республика боюнча 11 миңден ашык батирлер курулуп жатат, быйылкы жылдын аягына чейин 5 миңге жакын батир бүткөрүлөт. Биз Кыргызстандын ар бир жараны арзан баада турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аракет кылабыз", — деди Жапаров. Андан соң мезгил кутучасын салуу аземи өтүп, ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана райондун активи катышты.
Бишкекте 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюндарга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышат. "Сынактын программасына фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм өнөр, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары кирет. Фестивалдын программасы элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилиндеги ырлар номинацияларын камтыйт. Катышуучулар эки тур менен таймашат, ал эми маданият, билим берүү жана илимдин көрүнүктүү ишмерлеринен турган калыстар тобу алардын аткаруусуна баа беришет", — деп жазылат маалыматта.