Садыр Жапаров Ноокатта селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өлкө башчы табият кырсыгынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүлөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаов Баткен, Ош облустарында сел агызып каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан кайрылууда селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыл алуу өтө оор болгону айтылат.

"Кырсык каш-кабактын ортосунда" дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды. Тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшашты. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш жүрүп жатат. Эми мындай окуялар кайталанбасын деп Кудайдан тилейли. Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт. Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт", — деди президент.

Өлкө башчы четте карап турбай куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылган, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарга да ыраазычылык билдирген. Анын айтымында, бул дагы болсо элдин ынтымагынын бекемдигин көрсөттү.
Эскерте кетсек, акыркы күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам түштүк аймактарда сел жүрүп, адам өмүрлөрүн алууда. Кечээ эле Ноокаттын Абшыр-Атасында селден алты адам көз жумганы белгилүү болду. Төртөөнүн сөөгү кечээ табылса, бүгүн эки баланын сөөгү табылган.
Ал арада ӨКМ 2-июлга чейин жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн делген аймактардын тизмесин жарыялап, элди сак болууга чакырды.
Абшыр-Атада суудан өтө албай камалып калгандардын баары куткарылды. Видео