ӨКМ сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди

Өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюуңуз. Чалуу күнү-түнү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-июндан 2-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо коркунучу бар экенин эскертти.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди:
Бишкек — Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдары;
Бишкек — Балыкчы жолунун 112-128-чакырымы;
Балыкчы — Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымы;
Талды-Суу — Аралдын 4-5-чакырымы;
Мырзаке — Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдары;
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдары;
Ош — Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымдары.
ӨКМ элди сак болууга чакырып, өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюуну өтүнөт. Чалуу күнү-түнү акысыз.
Сел жүргөн Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү. Видео