Ноокатта селден көз жумгандардын саны 7 кишиге жетти. Көбү балдар

Ноокатта болгон сел
Акыркы болуп аял кишинин сөөгү табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокатта сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылып, жалпы каза болгондордун саны жети кишиге жетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта азыр аялдын аты-жөнү такталып жатканы айтылат.
Кырсык кечээ кечинде болгон. Абшыр-Атада суунун жээгиндеги тапчанда отургандарды сел агызып кеткен. Куткаруучулар төрт кишини сөөгүн тапкан болчу. Бүгүн дагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.
Көз жумгандардын көбү — балдар. ӨКМ алардын экөө 11 жаштагы, бири 8, бири 12 жаштагы балдар болсо, бирөө 16дагы өспүрүм, дагы бири 19 жашта экенин кабарлады.
Президент Садыр Жапаров. Архив
Садыр Жапаров Ноокатта селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты