Ноокатта сел агызып кеткен эки баланын сөөгү табылды

ӨКМ Абшыр-Атадагы сел жалпысынан жети эмес, алты адамды агызып кеткенин тактады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында сел агызып кеткен эки эркек баланын сөөгү табылганын ӨКМден кабарлашты.
Учурда алардын өздүгү такталууда. Куткаруучулар эки сөөктү милиция кызматына өткөрүп берген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 29-июнда, Ноокаттын Абшыр-Ата айылында жети эмес, алты адамды сел алып кеткенин тактады. Алар кырсык болгон учурда сайда тапчанда отурушкан. Кечээ беш адамдын сөөгү табылып, экөө изделип жатканы айтылган.
Ал эми Абшыр-Атада суудан өтө албай калган бардык 1300 адам бүгүн эвакуацияланды. Саламаттык сактоо министрлиги жерине облустан дарыгерлер тартылып, жабыркагандарга кыдырып медициналык жардам көрсөтүп жатканын айткан.
ӨКМ сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди