Сел жүргөн Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү.
ӨКМден билдиришкендей, ал кечээ жана бүгүн эртең менен аба ырайы бузулуп, ашуулардагы булуттардан улам уча албай турган.
Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, эки киши изделип жатканы кабарланган.
Абшыр-Атада суудан өтө албай камалып калган 1300 адам куткарылууда