Ноокатта дарыгерлер селден жабыркагандарды кыдырып жардам көрсөтүүдө. Сүрөт

Министрлик селден жабыркап ооруканага кайрылгандар жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 29-июнда, 204 дарыгер Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркагандардын үйлөрүн кыдырып, керектүү медициналык жардам көрсөтүп жатканын маалымдады.
Жерине Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын, Облустук балдар ооруканасынын жана Оштогу Психиатрия жана наркология борборунун адистери тартылган.
"Селден жабыркагандарга 30 дарыгер жана 174 орто медициналык кызматкер жардам көрсөтүүдө. Аймактык оорукана менен анын Көк-Жардагы филиалында 110 резервдик орун даярдалды. Кан жана дары-дармек жетиштүү. Жаратылыш кырсыгынан жабыркап ооруканага кайрылгандар жок", — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү иш-чаралары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экени белгиленди.
Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, эки киши изделип жатканы кабарланган.
ӨКМ сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди