Телефондорду милдеттүү каттоо иштеринен чочулоонун кереги жок. Ал коопсуздук чараларын күчөтүп, телефон уурдоо жана онлайн алдамчылык иштерине бөгөт коёт. Бул тууралуу Сагынбек Калбото уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул иштин терс жагы телефондун баасы көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
"Телефондорду каттоо башка өлкөлөрдө мурда эле кирген. Жакшы жагын айтсак, аткезчилик аракеттерге чындап эле бөгөт коёт. Муну менен катар коопсуздук чараларын күчөтөт. Онлайн-алдамчылыкты алдын алат. Азыр уюлдук телефондордо көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, бирөө сиздин телефонуңузду алып туруп, насыя алып коюшу мүмкүн же башка дагы бир иштерди жасап жибериши ыктымал. Эгер телефон катталган болсо, далилдөө жеңил болот. Бул демилгенин терс жагын айтсам, каттоо эки айдын ичинде бекер деп жатат. Андан кийин бир телефонду каттоо 700 сомдой болушу мүмкүн экен. Ушул нерсе барып эле аягында карапайым калктын капчыгына оор тиет. Мисалы, уюлдук телефондорду дүңүнөн сатып алсам, каттоодон өткөргөндө акча төлөп каттатам. Аны мен кайсы бир жерден чыгарышым керек да, телефондун наркынын үстүнө акча кошуп сата баштайм, бул баага таасир этет. Өзбекстанда телефондорду каттоо болжолдуу 400 сомдун тегерегинде экен. Каттоо арзан болсо карапайым калкка эле жакшы болот. Телефонду каттатуудан коркпоңуздар. Бул коркунучтуу эмес, тескерисинче, коопсуздукту сактоого жардам берет", — деди Калбото уулу.
Ошондой эле ал азыркы доордо заманбап техникалардан чочулоонун кереги жоктугун кошумчалады.