Сырттан добуш берилүүдө. Эртең үч округда ЖКга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Эртең №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бир мандаттуу шайлоо округдарында сырттан добуш берилүүдө. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Белгилей кетсек, эртең №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайланат. Бүгүн бул аймактарда сырттан добуш берилүүдө.
№5 Ноокат округу боюнча сырттан добуш берүүгө 299 арыз түшкөн, алардын арасынан:
улгайгандыгына байланыштуу — 135;
майыптыгы барлар — 55;
ооруп жаткандыгына байланыштуу — 109.
№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 100 арыз түшкөн, алардын арасынан:
улгайгандыгына байланыштуу — 42;
майыптыгы барлар — 34;
ооруп жаткандыгына байланыштуу — 24.
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча 594 арыз түшкөн, алардын арасынан:
улгайгандыгына байланыштуу — 208;
майыптыгы барлар — 89;
ооруп жаткандыгына байланыштуу — 297.
Сырттан добуш берүү шайлоо күнүнө бир күн калганда саат 8:00дөн 20:00гө чейин шайлоо участогунан тышкары добуш берүү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.
Шайлоо мектеби: БШК төрайымы шайлоодогу жаңы технологиялар тууралуу айтты