Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиге жасалган чабуулдан беш адам, анын ичинде эки бала көз жумду

Кол салуудан дагы эки адам оор жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн дрону Курск облусундагы айылга чабуул жасап, натыйжада беш адам каза болду. Алардын экөө жаш бала экенин аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Алексей Смирнов билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
"Бүгүн түндө украиналык дрон Рыль районунун Городище айылына чабуул жасаган. Тилекке каршы, беш адам, анын ичинде эки жаш бала каза болду", — деп жазган Смирнов өзүнүн Telegram каналына.
Анын айтымында, дагы эки адам оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.
"Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп кошумчалаган Смирнов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ дагы бир базаны Россияга кооптуулук жараткан объектиге айлантууда. Инфографика