ЭВФ Россиянын тоңдурулган каражатын колдонуунун кооптуулугун кайрадан эскертти

Буга чейин "Чоң жетилик" Украинага 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашкан. Ал Батышта Россиянын тоңдурулган активдеринин пайыздарынын эсебинен төлөнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Батыштын Россиянын тоңдурулган активдерин Киевге жардам берүү үчүн колдонуу чечими эл аралык валюта системасынын ишине кооптуулук жаратууда. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Украинадагы миссиясынын башчысы Гэвин Грей билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындай кадам үчүн мыйзамдык база жетишсиз болууда.
"Аквтидерди колдонуу ниетиндеги өлкөлөрдү эл аралык валюта системасынын ишине доо кетирбегендей кылып мыйзамдын алкагындагы аракеттерди көрүүгө чакырабыз", — деди ал брифингде.
Буга чейин "Чоң жетилик" Украинага 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашкан. Ал Батышта тоңдурулган россиялык активдердин пайыздарынын эсебинен төлөнөт.
Украинада атайын операция башталгандан кийин Евробиримдик жана G7 өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард еврого жакын резервинин дээрлик жарымын тоңдурду. Болжол менен 200 миллиард евро ЕБде, негизинен Белгиянын Euroclear эсептешүү жана клиринг системасында сакталган. Евробиримдик Россиянын тоңдурулган активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн колдонуу жолдорун талкуулап келген.
Европанын Борбордук банкы бул европалык валюта үчүн репутациялык тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн экенин эскертип, Киевди каржылоонун башка жолдорун издөөгө чакырган.
Кремль мындай чечимди кабыл алуу "бардык эл аралык эрежелерди жана нормаларды бузуунун дагы бир мисалы болот" деген. Россиянын ТИМи муну уурулук катары сыпаттап, Евробиримдик жеке адамдардын каражатын гана эмес, мамлекеттик активдерди да бутага алганын белгилеген.
Россия тарап Батыштагы тоңдурулган активдери конфискацияланса буга жооп болорун билдирген.
Эл аралык валюта фонду Украина Батыштын жардамысыз канчага чыдаарын айтты