Чет өлкөдөгү этникалык кыргыздарды өлкө ЖОЖдоруна кабыл алуу башталды. Шарты

Документтер 17-августка чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматта билим алууну каалаган этникалык кыргыздарга жалпысынан 75 квота бөлүнгөнү айтылат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн абитуриенттер сайттан онлайн катталып, "чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2024-2025-окуу жылында кабыл алуу" бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Документтер үстүбүздөгү жылдын 17-августуна чейин кабыл алынат.
Жогорку окуу жайлар тууралуу толук маалыматты сайтынан алсаңыз болот.
Омск, Томск, Новосибирскидеги ЖОЖдорго тапшыруу күндөрү жана шарттары