Америкалыктардын теңинен көбү Байдендин шайлоого катышуусуна каршы. Сурамжылоо

Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга пландалган, президенттик шайлоонун өзү 5-ноябрда өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. АКШдагы шайлоочулардын жарымынан көбү (60 пайызы) АКШ президенти Жо Байдендин алдыдагы президенттик шайлоодогу талапкерлиги алмаштырылышы керек деп эсептейт. Бул Morning Consult компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы экенин РИА Новости жазды.
"Шайлоочулардын көпчүлүгү, тагыраагы, 60 пайызы, президент Байден бейшемби күнкү дебатка чыккандан кийин Демократиялык партия талапкерин алмаштырылышы керек деген пикирин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
28-июнга караган түнү өткөн дебатты көргөн респонденттердин басымдуу бөлүгү (57 пайызы) Трамп Байденден ашып кеткенин айтышкан. Мындай ойду демократ шайлоочулардын 19 пайызы, көз карандысыз шайлоочулардын 60 пайызы жана республикачыл шайлоочулардын 93 пайызы билдирген.
Америкалык ЖМКлар Жо Байден мурунку президент Дональд Трамп менен болгон дебатта ийгиликке жетпегенин жазышууда. Өлкөнүн учурдагы башчысы такалып, көпкө ойлонуп, оюн так айта албай кыйналган. Ал тургай иш-чара бүткөн соң тепкичтен түшүүгө жубайы Жилл жардамга келген.
Буга байланыштуу саясатчылар менен журналисттер демократтар эми Байдендин талапкерлигинен баш тартып, анын ордуна башка бирөөнү көрсөтөт деп божомолдошууда. Теорияда бул ишти жасаса болот, бирок президенттин штабы өлкө лидери ат салышуудан баш тартпай турганын айтууда.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга пландалган. Ал эми президенттик шайлоонун өзү 5-ноябрда өтмөкчү.
Трамп Украина Россия менен болгон кармашта жеңилип баратканын айтты