Кочкордо ипотекага 5 кабаттуу турак жай курулат. Капсуласы салынды

Жапаров ипотеканын негизинде көп кабаттуу турак жайлардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу Кочкор районунда 5 кабаттуу турак жайдын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 2

Церемония закладки капсулы под строительство жилого дома на 5 этажного жилого дома в селе Кочкор Кочкорского района. 29 июня 2024 года

2 / 2

Церемония закладки капсулы под строительство жилого дома на 5 этажного жилого дома в селе Кочкор Кочкорского района. 29 июня 2024 года

Жапаров МИК программасынын негизинде республика боюнча көп кабаттуу турак жайлардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи.
"Республика боюнча 11 миңден ашык батирлер курулуп жатат, быйылкы жылдын аягына чейин 5 миңге жакын батир бүткөрүлөт. Биз Кыргызстандын ар бир жараны арзан баада турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аракет кылабыз", — деди Жапаров.
Андан соң мезгил кутучасын салуу аземи өтүп, ага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана райондун активи катышты.
Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды