НАТО кошулушун каалабайт. АКШда Украина үчүн катаал билдирүү жасалды

Түндүк атлантикалык альянс Украинанын таламын талашып Россия менен түз тирешүүгө даяр эместиги белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Убадаларга карабастан НАТО өзүнүн катарына Украинаны кабыл албайт. Бул тууралуу Newsweek журналына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"НАТОнун эшиги жаңы мүчөлөргө ачык деген билдирүүлөргө карабастан, альянс Украинанын катарына кошулушун каалабай турганы айкын", — деп жазган басылманын серепчиси Даниел Депетрис.
Автордун айтымында, альянс Россия менен каршылашуу үчүн Украинаны курал-жарак, каржы жагынан колдойт, анткени Москва негизги душманы. Бирок НАТО Украина үчүн Россия менен түз тирешүүгө даяр эместиги белгиленген.
"Украина НАТОго мүчө болууну көптөн бери күтүп жатат. Батыш лидерлери Зеленскийге кандай гана таттуу сөздөрдү шыбыраганына карабай, Украина мындай чечимди түбөлүк күтүшү ыктымал", — деп сөзүн жыйынтыктаган эксперт.
2022-жылдын сентябрында Владимир Зеленский Украина тездетилген тартипте НАТОго кирүү үчүн арыз бергенин билдирген. Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу учурунда Украинанын альянска толук кандуу мүчө болушу мүмкүн эместигин айткан.
Владимир Путин Украинанын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч экенин белгиледи. Ал Киевдин альянска кирүү ыктымалдыгы атайын аскердик операциянын себептеринин бири экенин белгилеген.
Батыш Зеленскийдин нааразылыгынан кийин аргасыз кадамга барды