БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Эгер Ак үйдүн башында "эстүү президент" турса, Россия, Кытай жана Түндүк Корея АКШнын душманы болбойт. Бул тууралуу АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп Виржиния штатында тарапкерлери менен жолугуп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Биздин тышкы душмандарыбыз: Кытай, Россия, Түндүк Корея. Бирок өлкө башында акыл-эстүү президент турса алар душман болбойт. Тил табышып иш алып баруу толук мүмкүн", — деди Трамп.
Саясатчы ал башкарып турган АКШнын башка өлкөлөр менен "эч кандай көйгөйү болбогонун", алар менен сый мамиледе жашап келгенин айтты. Трамптын пикири боюнча, АКШнын душмандары өлкөнүн тышында эмес, ичинде.