Абшыр-Атада суудан өтө албай камалып калган 1300 адам куткарылууда

Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокатта жүргөн селден улам 1 300 адам Абшыр-Ата шаркыратмасына жакын жерде суудан өтө албай камалып калышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жааган жамгырдын улам Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. 65 куткаруучу болжол менен шаркыратмадан тоону көздөй 30-35 чакырым жерди басып өтүп, издөө иштерин башташкан. Суунун аркы бетинде 1 300 адам суудан өтө албай калып калгандыгы аныкталган. Азыр аларды куткаруу иштери жүрүүдө.
Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, эки адам изделип жатканы кабарланган.
ӨКМ сел каптоо коркунучу бар аймактарды тизмектеди