Абшыр-Атада суудан өтө албай камалып калгандардын баары куткарылды. Видео

Алардын ичинен өз алдынча басканда кыйналган улгайган кишилер, балдар тик учак менен эвакуацияланды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокатта жүргөн селден улам Абшыр-Ата шаркыратмасына жакын жерде суудан өтө албай камалып калган 1300дөн ашык адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен өз алдынча басканда кыйналган улгайган кишилер, балдар тик учак менен эвакуацияланды. Алар жалпы 15 киши экени айтылды.
Эвакуациялангандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди. Алардын ичинде жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
1 / 2

Ноокатта жүргөн селден улам Абшыр-Ата шаркыратмасына жакын жерде суудан өтө албай камалып калган 1300дөн ашык адам куткарылды

2 / 2

Маалыматка ылайык, алардын ичинен өз алдынча басканда кыйналган улгайган кишилер, балдар тик учак менен эвакуацияланды. Алар жалпы 15 киши экени айтылды.

Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, кырсыктан көз жумгандар бар экени кабарланган.
Ноокатта дарыгерлер селден жабыркагандарды кыдырып жардам көрсөтүүдө. Сүрөт