30-июнга карата аба ырайы

30-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду.
Кыргызгидрометтин маалыматында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылат.
Абанын температурасы Чүйдө 28…33, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 23…28, Нарын өрөөнүндө 25…30 градус ысык болот.
Борбордо жана Ош шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте 30…32 градусту көрсөтсө, Ош калаасында 34…36, Чолпон-Атада 25…27 градусту түзөт.
ӨКМ сел жүрүп, таш кулоо коркунучу бар жерлерди тизмектеди