Радио

Банктан чалып жатабыз деген шылуундарга алданып калбоонун жолдору. Адистин кеңеши

Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Мирсудин Исаев киберкылмыштуулуктун түрлөрүн жана алардын тузагынан сактануунун жолдорун айтып берди.
Sputnik
Азыркы тапта алдамчылык менен алектенип телефон чалгандардын көбү өздөрүн банк кызматкерибиз деп тааныштырып жатышат. Бул тууралуу Мирсудин Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө WhatsApp боюнча алдамчылык көп кездешүүдө.
"Биздин коомдо өнүгүү болуп жатат. Интернет кеңири тарап, аны менен катар банктык кызмат көрсөтүүлөр санариптешүүдө. Бул өз убагында жаңычылдык, жетишкендик болсо, ошол эле учурда жаңы тобокелдиктерге да алып келип жатат. Муну шылуундар өз кызыкчылыктарына колдонуп жатышат. Учурда алар жарандарды "банктан чалып жатабыз" деп алдоодо. Арасында Улуттук банкты атагандары бар. Шылуундар угуп жаткан адамын психологиялык жактан стресске түшүрүп, алдап жатышат. Бул учурда жаран өзү жөнүндө маалыматты өзү айтып берип, соңунда акчасын алдырып жиберүүдө. Дагы бир түрүн "фишинг" деп коет. Анда WhatsApp аркылуу ар кандай шилтемелерди жөнөтүп, логин жана сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты алат. Жыйынтыгында сиздин тиркемеңизден акчаны өздөрүнө которуп алышат. Ошондуктан белгисиз номер чалганда дароо албаңыз. Белгисиз шилтемелерге кирбеңиз. "Сактансаң сактайм" дегендей, Улуттук банктан же кайсы бир коммерциялык банктан деп түшүнүксүз суроолор менен байланышып жатса телефонду дароо өчүрүп коюңуз. Ошондой эле ал номерге башка телефон менен чалып көрүү абзел. Анткени алдамчылар чалганда Кыргызстандын номери эле көрүнөт. Бирок башка уюлдук телефон менен байланышсаң андай номер жок болуп чыгат. Мындан тышкары, банктын расмий баракчалары аркылуу түз байланышып, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшериш керек. Жеке маалыматтардын корголушуна өзгөчө көңүл буруңуз. Эгер сизге туугандарыңыз же жакындарыңыз кыйынчылыкка туш болду деп чалышса, аларга түз чалып байланышыңыз", — деди Исаев.
Ал ошондой эле банк кызматкерлери жарандар арыз менен кайрылганда, сурамжылоо жүргүзгөндө жана насыя боюнча карызды өндүрүүдө гана телефон чаларын кошумчалады.