Трамп Украина Россия менен болгон кармашта жеңилип баратканын айтты

АКШнын мурдагы лидери ноябрдагы шайлоодо жеңсе чатакты тез эле жөнгө салып коюуга убада берди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШнын экс-президент Дональд Трамп Украина Россия менен болгон чатакта жеңилип жатканын айтканын РИА Новости жазды.
"Бул согушта Украина утулууда. Жоокерлери, эли түгөнүп бара жатат. Согушта көп адамынан айрылды, бул кайгылуу нерсе", — деген Трамп атаандашы Жозеф Байден менен теледебатка чыккан учурда.
Андан соң атаандашына сын жаадырган.
"Украиналыктар миң жылдык тарыхы, алтын жалатылган куполу бар мыкты шаарларын жоготту. Мунун баары анын (Байден — ред.) аңкоо чечиминен улам болду", — деген ал.
Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңсе Россия-Украина чатагын тез эле жөнгө салып коюуга убада берген.
Трамп Байденге Американын тарыхындагы эң начар президент деп баа берди