Трамп Байденге Американын тарыхындагы эң начар президент деп баа берди

Эгерде Байден президенттик шайлоодо жеңсе, анда АКШдан эч нерсе калбайт деп эсептээрин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дебат учурунда өлкөнүн азыркы жетекчиси Жозеф Байденди "Американын тарыхындагы эң начар президент" деп атады. Андан сырткары, күздөгү шайлоодо жеңип президент болсо Кошмо Штаттардан "эч нерсе калбайт" деген пикирин билдирди.
Эске салсак, Трамп менен Байдендин жакында эле теледебаты болду.
"Эгерде бул (Байден – ред.) шайлоодо жеңип кетсе биздин өлкөдө кыйын абалдан чыгуу үчүн бир дагы мүмкүнчүлүк болбойт. Өлкөбүздө эч нерсе калбашы да мүмкүн. Баары ушундай жаман акыбалда турат. Бүгүнкү күндөн алып караганда, ал өлкөбүздүн тарыхындагы эң начар президент", — деген Трамп атаандашы тууралуу дебат маалында.
Муну менен катар эле Трамп эгерде шайлоочулар ага Ак үйгө кайтып келүүгө кайрадан мүмкүнчүлүк берсе, баарынан "мыкты президент" болорун айткан.
ЖМК: Трамптын баракчасына чыккан видеодогу "бирдиктүү рейх" сөзү чыр жаратты