ӨКМ сел каптоо коркунучу бар аймактарды тизмектеди

ӨКМ 28-июндан 2-июлга чейин тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөрүн маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жер-жерлерде нөшөрлүү жамгырдан улам сел кооптуулугу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-июндан 2-июлга чейин тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөт. Мындан улам жамгыр төгүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү ыктымал.
Мындан улам кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн болгон аймактар:
Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;
Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору;
Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору;
Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору;
Талас облусу: Талас, Бакай-Ата райондору;
Нарын облусу: Нарын, Жумгал райондору.
ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарына даяр турууну эскертти.
ӨКМ сел жүргөндө сактай турган эрежелерди эскертти