Россия YouTube платформасынын аналогун ишке киргизди

Тармакты тааныштырган видеороликте YouTube платформасында сөз эркиндиги бар деп ишенишет, бирок ал баарына тегиз эмес экени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россия YouTube платформасынын аналогу болгон "Платформа" видеохостингин ишке киргизди. Бул тууралуу Интернет-технологиялардын аймактык коомдук борбору маалымдаган.
Билдирмеде көптөгөн интернет колдонуучулар YouTube платформасында сөз эркиндиги бар деп ишенишет, бирок ал сөз эркиндиги баарына тегиз эмес экени айтылган. Мисалы, анда Путинге каршы контенттерди жайылтуу аракеттери көрүлөт.
"Муну менен катар эле YouTube 2020-жылдан тартып Россиянын бардык мамлекеттик каналдарын өчүрүп келет жана мекенчил блогерлердин каналдарын өчүрүүнү улантууда. Дал ушуга байланыштуу биз анын альтернативасын, "Платформаны" сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта.
"Платформанын" интерфейси YouTube тармагынын интерфейси менен окшош. Мындан улам колдонуучулар буга чейинки көндүмдөрүн өзгөртүп убара тартпайт. Тактап айтканда, анда түз алып берүүлөр жана ар бир видеодо субтитрлер болот. Кыска, вертикалдуу форматтагы видеолор да жеткиликтүү.
Эгерде колдонуучунун "ВКонтакте" же YouTube тармагында каналы болсо анда ал видеолорун "Платформага" көчүрүп келе алат.
РИА Новости агенттиги Мамдуманын депутаты Антон Горелкин мурдараак журналисттерге июндун аягында Россия YouTube платформасынын дагы бир аналогун чыгарарын айтканын маалымдаган. Депутат Россиянын байланыш боюнча көзөмөл кызматына чет элдик хостинг-провайдерлердин иштешине таасир этүү чараларын карап чыгуу өтүнүчүн жөнөткөнүн белгилеген.
Учурда Россия рыногунда NUUM, "VK Клиптер", "VK Видео", Rutube жана "Пикабудагы" ролик жана стримдер үчүн МТС видеотейлөө тармагы иштейт. Ал Россия интернет айдыңындагы эң ири блог-платформалардын бири. Сервис кыска видеолордун өзүнчө видеолентасын сынамык түрдө ишке киргизген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: РФ армиясында жасалма интеллект менен башкарылчу пилотсуз учактар болот