БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ноокат районунда катуу сел жүрүп жатат. Видео соцтармактарда жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, суу жолду каптап, кадрдагы үн көпүрөнү талкалап кеткенин айтканын угууга болот.
Ош облусунун администрациясынан сел болгон аймакка өкүлдөр чыгып кеткенин, кошумча маалымат беришерин айтышты.