Нарындагы шырдак фестивалы: эл назарына 1000ден ашык буюм коюлду

Бүгүн Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы" XV эл аралык фестивалы башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Нарында шырдак фестивалы башталып, 1000ден ашык буюм коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
1 / 4

Нарында шырдак фестивалы башталып, 1000ден ашык буюм коюлду

2 / 4

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы" XV эл аралык фестивалы башталды

3 / 4

Фестивалга Түркиядан, Араб Эмирликтиринен, Өзбекстан, Казакстандан меймандар жана өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык кол өнөрчү келди. 1000ден ашык буюм сынакка коюлду

4 / 4

Белгилей кетсек, аталган фестиваль Нарын облусунда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы" XV эл аралык фестивалы башталды.
"Фестивалга Түркиядан, Араб Эмирликтиринен, Өзбекстан, Казакстандан меймандар жана өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашык кол өнөрчү келди. 1000ден ашык буюм сынакка коюлду. Быйылкы фестивалдын алкагында "Мурас шырдак", "Мыкты шырдак", "Жаратмандык ыкмадагы шырдак", "15 жылдыкты чагылдырган жаратмандык шырдак" номинациялары боюнча кароо-сынактар болот", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган фестиваль Нарын облусунда 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Чуңкурчак жайлоосунда Кымыз фестивалы өтөт