Бир жумада күйүүчү майдын, алтындын баасы жана валютанын курсу кандай өзгөрдү. Сандар

Sputnik Кыргызстан валюта курсуна, күйүүчү-майлоочу майдын жана алтын куймаларынын баасына көз салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Апта ичинде күйүүчү майдын, алтындын баасы жана валютанын курсу кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан талдап чыкты. Таблицада бүгүнкү маалымат көрсөтүлгөн.
Долларды сатып алуу орточо 35 тыйынга төмөндөп, 86,2 сомду түздү. Сатуу 42 тыйынга (азыр 86,97 сом) азайган. Сатуунун төмөнкү босогосу 86,8 сом же апта ичинде 40 тыйынга түшкөн.
Евронун орточо курсу сатып алууда да, сатууда да 40 тыйындай төмөндөдү. Бир жума ичинде рублдин курсунда өзгөрүү болду, тагыраагы, сатып алуу дээрлик 3 тыйынга, сатуу бир тыйынга өстү. Теңгенин наркы дээрлик өзгөрүүсүз калды.
Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өзгөргөн жок.
Уютулган алтын апта башынан бери арзандап, бирок жума күнү бир аз көтөрүлдү.
Бир граммдык куймалардын наркы:
24-июнь – 7 миң 943,5 сом;
25-июнь – 7 миң 921 сом;
26-июнь – 7 миң 902,5 сом;
27-июнь – 7 миң 823,5 сом;
28-июнь – 7 миң 888,5 сом.
2026-жылга чейин доллардын курсу кандай болот? ЕӨБдүн божомолу