Май куюучу жайларда газ үчүн узун кезектер жаралды. Маселе качан чечилет

Нефтетрейдерлер отундун бул түрү жүктөлүп Кыргызстан тарапты көздөй жөнөтүлгөнүн айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Айрым май куюучу жайларда автогаз үчүн узун кезектер жаралды, маселе кийинки жумада чечилет. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов тастыктады.
Эскерте кетсек, Казакстанда автоунаа газынын экспортуна тыюу салынган. Кыргызстан буга чейин аны коңшу өлкөдөн алып келген болчу.
Эшатовдун айтымында, акыркы убакта өлкө газды Россиядан алып келет. Темир жолдо бош цистерна вагон жок болгондуктан жеткирүү иштери үзгүлтүккө учураган.
"Бир-эки компанияда автогаз жок болгондуктан башка май куюучу жайларда ажиотаж жаралып кетти. Азыр газ жүктөлгөн состав орус-казак чек арасынан өтүүдө. Кийинки жумада абал жөнгө салынат", — деди Эшатов.
Бир жумада күйүүчү майдын, алтындын баасы жана валютанын курсу кандай өзгөрдү. Сандар