Ноокатта селден беш киши каза болду

Учурда дагы бир адамдын изделип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ноокат районунун Абшыр-Ата айылында сел 5 адамдын өмүрүн алды.
Маалыматты ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары тастыктады.
Байзак Оторбековдун айтымында, жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги тапчанда адамдар эс алып отурушканын билдиришкен. Сел катуу келген учурда анда алты адам болгон. Азыркы убакта алардын бешөөнүн сөөгү табылып, аты-жөнү такталууда.
Учурда райондун сел жүргөн аймактарында куткаруу иштери жүрүп жатат.
ӨКМ сел каптоо коркунучу бар аймактарды тизмектеди