Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат, күбөлүктөр тапшырылды

Быйыл 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү аттестат жана 9-класстын 127 миң 176 окуучусу күбөлүк алган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат, күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — бүтүрүүчүлөр аттестаттарын электрондук жана кагаз түрүндө алат.

"Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Санариптик билим берүү борбору мамлекеттик мекемеси негиздеген "Күбөлүк" платформасы иштеп жатат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу кыйынчылык жаратпайт, анткени аны attestat.edu.gov.kg сайтынан алууга болот", — деп жазылган маалыматта.

Быйыл 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү аттестат жана 9-класстын 127 миң 176 окуучусу күбөлүк алганы кошумчаланды.
Кыргызстанда "алтын сертификатты" 56 абитуриент алды. Тизме