Казакстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөндөр Бишкектен кармалды

Эки жаран тең өткөн жылдан бери Кыргызстанда жашырынып жүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкекте Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан издөөдө жүргөн жарандар Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 27-июнь күнү ИИМдин кызматкерлери 63 жаштагы Р.С. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн
"Ал 30 милион 700 миң теңге акчаны ээлеп алган деп шектелүүдө. 2022-жылы бир топ адамдар менен сүйлөшүп алып, алдап, ишенимден кыянаттык менен пайдаланып курулуш объектисин мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, жарандардын мүлкүн ээлеп алган.
Ушул жылдын февраль айында Р. С. сырттан шектүү деп табылган. Ал болжол менен 2023-жылдын кыш мезгилинен бери Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Анда кошумчалангандай, 14-июнда Казакстандын 35 жаштагы У.Д. аттуу жараны да кармалган. Ал дагы алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. У. Д. Алматы шаарынын аймагындагы жер тилкелери менен алдамчылык жасаганга шектелүүдө. Анын аракеттеринен улам мамлекетке 18 млн 500 миң теңге зыян келтирилген.
"У. Д. Бишкектеги түнкү клубдардын биринен кармалды. Ал 2023-жылдын жай айларынан бери Кыргызстанда жүргөн", — дешти ИИМден.
Чоң-Алайда ишкерден 10 млн. сом талап кылды дегендер кармалды