Илхам Алиев өлкө парламентин таратты. Себеби

Кезексиз парламенттик шайлоо 1-сентябрга дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Милли Межлисти (парламент) таркатуу боюнча жарлыкка кол койгонун Sputnik Азербайжан жазды.
Кезексиз парламенттик шайлоо 1-сентябрга дайындалды.
Эскерте кетсек, кечээ Азербайжандын Конституциялык сот пленумунун жыйыны өтүп, президент Алиевдин парламентти таркатуу жана кезексиз шайлоо дайындоонун ылайыктуулугу тууралуу сурамы каралган. Милли Межлисти таркатуу сунушу "Ени Азербайджан" башкаруучу партиясынан түшкөн.
Жарлык жарыялангандан тарта күчүнө кирип, өзгөртүүгө жатпайт.
Демилге көтөрүп чыккан партиянын төрагасынын орун басары Таир Будаков Азербайжанда кезексиз шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтмөктүгүн, ошол эле убакта Бакуда БУУ Конвенциясынын конференциясы болорун айтып, эки маанилүү иш-чара бир маалга туш келип калганын жүйө келтирген.
Азербайжандын конституциясы боюнча, парламентти таркатуу жана шайлоону дайындоо укугуна президент ээ. Республика парламенти 125 депутаттан туруп, эл өкүлдөрү беш жылга шайланат. Азыркы Милли Межлис 2020-жылы 9-февралда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн. Ал шайлоо дагы кезексиз болгон.
Иранда президенттик шайлоодо 4 киши ат салышууда. Аятолла добуш берди