Бишкек — Астана — Бишкек автобус каттамы ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектен Астанага (Кыргызстан-Казакстан) эл аралык автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
55 орунга эсептелген автобустар жуманын ар шейшемби күнү саат 12:00дө жөнөп кетет. Ал эми Астанадан Бишкекке бейшембиде чыгат.
Билеттин баасы 2 500 сом жана аларды beket.kg сайты аркылуу аралыктан же автобекеттин кассасына келип алууга болот.
Ташкенттен келген алгачкы учакты Тамчыдан салтанаттуу тосуп алышты. Видео